Кыргызстан Германия менен мамкарызды конверсиялоо боюнча сүйлөшүү жүргүздү

29 апреля 2020, 09:15

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Германия Федеративдүү Республикасынын экономикалык кызматташтык жана өнүгүү Федералдык министрлигинин Статс-катчысы Норберт Бартле менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө COVID-19 вирусу менен күрөшүүдө эки өлкөдө көрүлүп жаткан чаралар боюнча маселелер талкууланды.

Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүү үчүн Германия тараптан жөнөтүлгөн 500 миң евро өлчөмүндө жардам үчүн министр Айдарбеков ыраазычылык билдирди.

Андан сырткары, тараптар Кыргызстандын Германия алдындагы мамлекеттик карызын конверсиялоонун мүмкүн болгон жолдорун, ошондой эле коронавирус шартында саламаттыкты сактоо жана экономика чөйрөлөрүн колдоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Финансылык жана техникалык кызматташуунун алкагында тыгыз кызматташтыкты улантуу маанилүүлүгү белгиленди.