Кыргызстан Түштүк Кореянын корпорациялары менен банктык кызмат көрсөтүү боюнча долбоорлорду талкуулады

15 июля 2021, 17:30

Бүгүн Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Түштүк Кореянын Korea Telecom, GS Retail, BS-Group жана TTVenture корпорацияларынын башчыларынан турган ишкер делегациянын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу банктын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташтыкты өнүктүрүү, банктык кызмат көрсөтүү жаатында биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү жана каржы секторун санариптештирүү маселелери талкууланды.