Кыргызстан менен Өзбекстан электр энергиясын өз ара жеткирүү боюнча макулдашышты

25 марта 2021, 14:50

Кыргызстан менен Өзбекстан электр энергиясын өз ара жеткирүү боюнча макулдашышты. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

 

 

«Токтогул суу сактагычына сууну топтоо жана 2021-2023-жылдар аралыгында Өзбекстандын айыл чарбасын сугат суу менен камсыздоо максатында 1 кВт/саат үчүн шарттуу баада 750 млн кВт/саатка чейин көлөмдө электр энергиясын өз ара жеткирүү жөнүндө макулдашууга жетишилди»,-деп айтылат маалыматта.

 

Ошентип, Өзбекстандан Кыргызстанга электр энергиясын жеткирүү 2021-жылы марттан октябрга чейин жана 2022-жылы март-апрель айларында ишке ашырылат, андан кийин 2021-2023-жылдардын июнь айынан августь айына чейинки мезгилде Өзбекстанга электр энергиясынын ушул көлөмү кайтарылып берилет.