Кыргызстан Өзбекстандын калкына гуманитардык жардам көрсөтөт

11 мая 2020, 12:00

Кыргыз Өкмөтү 2020-жылдын 1-майында Сардоба суу сактагычынын жарылышынан улам жабыркаган Өзбекстандын калкына гуманитардык көмөк көрсөттү. Тийиштүү чечимге  премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Маалым болгондой, Кыргызстан Өзбекстандын жабыр тарткан калкы үчүн 1 000 тонна цемент, 100 тонна күрүч жана 10 тонна өсүмдүк майын жөнөтөт.