Кыргызстанда өзгөчө абал. Бардык мамлекеттик орган кызматкерлери аралыктан иштөөгө кое берилет

24 марта 2020, 12:00

Бардык мамлекеттик орган, министрликтердин кызматкерлери аралыктан иштөөгө кое берилет. Бул тууралуу КР вице-премьер-министри Эркин Асрандиев билдирди.

«Бардык мамлекеттик органдардын, министрликтердин жана мекемелердин жетекчилери өлкө аймагында өзгөчө абал режимин киргизүү мезгилинде, коронавирус инфекциясынын андан ары жайылышына жол бербөө максатында кызматкерлерин санитардык чараларды так сактоо менен аралыктан иштөөгө коё берсин», - дейт КР вице-премьер-министри.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ноокат, Сузак, Кара-Суу райондорунда 25-марттан саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилүүдө.