Кыргызстандагы Пакистандын банкы айрым банктык эсептерди жабарын билдирди

1 октября 2020, 17:00

Пакистандын Кыргызстандагы банкы айрым кардарлардын банктык эсептерин жабарын билдирди. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалат. 

Тактап айтканда, акыркы 12 ай ичинде эсепте эч кандай операция жүргүзүлбөгөн банктык эсептердин ишмердүүлүгү токтотулат. 

Белгиленгендей, банк эсепти кардардарга алдын ала эскертпестен, өз алдынча жаап коюуга укуктуу.