Кыргызстан алдыдагы шайлоолорду өткөрүү үчүн Швейцариядан жардам сурайт

23 октября 2020, 10:30

Кыргызстан парламенттик жана президенттик шайлоо өткөрүү үчүн Швейцариянын жардамына үмүттөнүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси Данияр Мукашев менен Швейцариянын  тышкы иштер боюнча Федералдык департаментинин жетекчиси Анна Ифковиц менен болгон телефондук сүйлөшүүдө белгилүү болду. 

Ведомстводон белгилешкендей, сүйлөшүү Кыргызстан тарабынан демилгеленген. Мукашев Кыргызстандагы азыркы саясий абал тууралуу маалымат берди. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, Швейцария Кыргызстанда өтө туруучу парламенттик жана президенттик шайлоого жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү билдриген. Андан сырткары, Кыргызстанда пандемиянын экинчи толкуну катталса, гуманитардык жаткан жардам көрсөтүү маселеси дагы көтөрүлдү. 

Тараптар бардык тармактан кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү уланта беришерин убадалашты.