Кыргызстанда пенсиялар 28-майга чейин таратылып бүтөт

22 мая 2020, 12:30

Кыргызстанда пенсиялар 28-майга чейин таратылып бүтөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев билдирди.

 

«Кыргыз почтасы» ишканасынын кызматкерлери тарабынан 61 миң жаранга 170 млн сом пенсиясы жеткирилди. 28-майга чейин пенсиялар толук таратылып бүтөт. Каражаттар Каржы министрлиги тарабынан бөлүнүп берилген», - деди ал.