Кыргызстан мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча пайыздарды төлөөгө 5,6 млрд сом жумшоону пландаштырууда

22 декабря 2021, 17:37

Быйылкы жылы мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча пайыздарды төлөө үчүн казынадан 5 миллиард 551 миллион 209,7 миң сом жөнөтүү пландалууда. Бул тууралуу Каржы министрлиги жарыялаган 2022-жылга республикалык бюджеттин долбоорунда айтылат.

Кийинки жыл сайын бул сумма көбөйүп, болжолдоо боюнча 2024-жылы 7,2 млрд сомго жетет (2022-жылга карата + 30,4%).

Эң кызыгы, быйылкы жылдын бюджетинде боштук бар. Ошону менен бирге быйыл республика мурда болуп кербегендей ички карыз алууну көбөйттү. Кошумчалай кетсек, "Акчабар" мурда жазгандай, быйыл Кыргызстан мамлекеттик облигациялар боюнча 4,6 миллиард сом төлөшү керек.