Кыргызстан энергетика тармагына 6 млрд доллардан ашык каражат тартууну пландаштырууда

7 июня 2021, 14:00

Кыргызстан 2035-жылга чейин энергетика тармагына 6 миллиард 58 миллион доллар тартууну пландаштырууда. Бул тууралуу Бишкектеги жыйында Энергохолдингдин башчысы Бакыт Сыдыков билдирди. 

Анын айтымында, бул каражаттын эсебинен 4 миң 533 мегаватт өндүрүүчү кубаттуулукту ишке киргизүү пландалууда. Долбоорлорду мамлекеттик бюджетке жана энергетикалык компаниялардын бюджетине оорчулук келтирбестен, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу ишке ашыруу пмерчемделип жатат. Анын ичинде Токтогул, Үч-Коргон жана Ат-Башы ГЭСтерин калыбына келтирүүнүн эсебинен кубаттуулуктар 280 мегаваттка көбөйөт.

"Планда Камбарата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын ишке киргизүү, чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү, Куланак ГЭСин ишке киргизүү, Жогорку Нарын жана Сары-Жаз ГЭС каскаддарын куруу, Камбарата-1 ГЭСи , Кара-Кече кениндеги жылуулук электр станциясы, ЖЭБ-2ни реабилитациялоо каралган", - деди Бакыт Сыдыков.