Кыргызстан коңшулардан 2,6 млрд кВт/саат электр энергиясын сатып алууну пландоодо

7 октября 2022, 13:21

Кыргызстан быйыл коңшулардан 2,6 миллиард кВт/саат электр энергиясын сатып алууну пландоодо. Бул тууралуу 6-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Министрдин айтымында, өткөн жылы 2,5 млрд кВт саат сатып алынган. Ошол эле учурда конфиденциалдуулукка шылтоолоп, коңшулардан электр энергиясы кандай тариф менен сатып алынарын айтуудан баш тартты.

Ибраев кошумчалагандай, министрлик ашыкча сууну кошуналарга бербейт, баары бартердик ыкма менен ишке ашат - Кыргызстан сууну жайында берет, коңшулар карызды кышкысын электр энергиясы түрүндө төлөйт.