Өлкөдө малдын баасы арзандады, бирок ЕАЭБде эң кымбат болууда

5 декабря 2022, 10:34

Быйыл январь-октябрь айларында ЕАЭБде мал чарба өнүмдөрүнө болгон баанын индекси өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 109,5% түздү. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссия билдирди.

Ошол эле учурда Беларуста баалар эң көп 23%, Арменияда 16,8% кымбаттады. Кыргызстанда баалардын өсүшү 15,1% түздү. 

Мал чарба азыктарынын эң азы Казакстанда 9,5% жана Орусияда 7,4%га кымбаттады.

Кыргызстанда бодо мал этинин бир тоннасы 2954 доллар, майда малдын баасы орто эсеп менен 2800 доллар, канаттуулардын эти 1885 доллар, сүт жана жумуртка 394 жана 108 доллар (миң даана) болууда. Сентябрь айына салыштырмалуу малдын, атап айтканда бодо малдын, кой-эчкилердин жана чочколордун баасы төмөндөдү.