Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорунун ТЭОсу үчүн Кыргызстан 5 млн доллар алат

14 февраля 2024, 15:19

Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы каржылоо келишимин (Камбар-Ата ГЭС-1 долбооруна техникалык жардам) үчүнчү окууда жактырды.

Каржылоо долбоор үчүн жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн техникалык жана экономикалык максатка ылайыктуулугун тастыктоо, экологиялык, социалдык негиздерди бекемдөө, финансылык жактан туруктуу каржылоо планын түзүү жана коммерциялык негиздерди иштеп чыгуу үчүн колдонулат.

Жалпысынан 5 млн доллар алынат, анын 2 млн доллары грант, 3 млн доллары 10 жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен 50 жылдык мөөнөткө насыя катары алынат.