Кыргызстан электр энергияга карызын кайтарууда

18 июля 2022, 14:54

Азыр Кыргызстандын энергетика системасы Казакстан менен Өзбекстанга кышкысын алардан алган электр энергиясы үчүн келишимдердин алкагында электр энергиясын берип жатат. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынан билдирди.

Маалыматка ылайык, ички керектөөчүлөр үчүн товарларды алмаштырууга байланыштуу чектөөлөр киргизилген жок.

"Өткөн күз-кыш мезгилиндеги жылытуу мезгилинде Өзбекстандын энергетика системасы бизге 501,4 млн кВт/саат, Казакстандын энергетика системасы 440 млн кВт/саат электр энергиясын берди, бул кышкы максималдуу жүктөмдүн өтүшүнө олуттуу оң таасирин тийгизди", - деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, 18-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 699 миллион кубометрди түздү. Бул былтыркыга салыштырмалуу 1 миллиард 175 миллион кубометрге көп.