Кыргызстан Сингапурга соода жүгүртүүнү көбөйтүүнү сунуштады

27 сентября 2021, 13:50

Кыргызстан Сингапурга ВСП + статусун колдонуу менен соода жүгүртүүнү көбөйтүүнү, ошондой эле Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды ачууну жана тиешелүү инфраструктураны түзүүнү сунуштайт. Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин БУУнун Башкы Ассамблеясында Сингапурдун Тышкы иштер министрлигинин башчысы Вивиан Балакришнан менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду.

Алар соода-экономика, укуктук базаны жакшыртуу жана аймактык коопсуздук боюнча эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулашты. Кыргыз тарап ар кандай багыттагы эки тараптуу келишимдердин долбоорлорун тапшырды.

Кыргызстан Сингапурдун мамлекеттик башкаруу, сот жана укук коргоо системасындагы реформалар, ошондой эле индустриалдык парктарды түзүү жана санариптештирүү тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыкдар экенин билдирди.