КР соода палаталардын конференциясына катышты

27 ноября 2019, 10:55

2019-жылдын 22-23-ноябрында Пекин шаарында Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилиги «Бир алкак – бир жол Соода палаталарынын жана Ассоциацияларынын глобалдык конференциясына» катышты. Бул тууралуу КР ТИМ кабарлайт. 

Бул иш-чара «Бүткүл кытайлык өнөр жай, соода федерациясы» жана «People's Daily», «Global Times» колдоо менен уюштурулду. 

Конференциянын алкагында Кыргызстандын улуттук стенди уюштурулуп, өлкөбүздүн өндүрүшүү көрсөтүүлдү. Элчиликтин кызматкерлери Кыргызстандын инвестициялык климаттын, экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн таныштырып, өлкөнүн туристтик потенциалы тууралуу айтып беришти. Конференцияга 30000 ашык адам катышты.