Кыргызстан Түштүк Кореядагы ЭКСПОго катышууда

15 сентября 2021, 09:35

Түштүк Кореяда жапайы женьшень жана жалпысынан картаюуга каршы индустрияга арналган Эл аралык ЭКСПО көргөзмөсү ачылып, ага 13 өлкөнүн ичинде Кыргызстан да катышууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Хамян шаарында өтүп жаткан иш-чара 10-октябрга чейин уланат.

4-октябрда ЭКСПОдо Кыргызстандын Улуттук күнүн өткөрүүсү каралууда, анын жүрүшүндө салтанаттуу иш-чаралар, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн катышуусундагы концерт, Кыргызстандын экспорттук, инвестициялык жана туристтик потенциалынын презентациясы пландаштырылууда.