Кыргызстан "Борбордук жана Түштүк Азия" эл аралык конференциясына катышты

16 июля 2021, 17:00

Кыргызстан Ташкентте өткөн “Борбордук жана Түштүк Азия: аймактык өз ара байланыш. Кыйынчылыктар жана Мүмкүнчүлүктөр” деген аталыштагы эл аралык конференцияга катышты. Делегацияны министрлер кабинетинин орун басары - экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров жетектеди.

Экономика жана каржы министрлигинде белгиленгендей, конференциянын максаты - "Борбордук Азия - Түштүк Азия" моделин көп тараптуу талкуулоо үчүн саясий жана эксперттик аянтчаны түзүү.

Иш-чарада транспорт жана логистика, энергетика, соода, өндүрүш, инвестиция, технологиялык, маданий-гуманитардык чөйрөлөр маселелери талкууланат.