Кыргызстан ШКУнун ишкерлер кеңешинин форумуна катышты

7 сентября 2021, 14:00

Соода-өнөр жай палатасы 6-сентябрда Дүйшөмбү шаарында өткөн "ШКУнун алкагындагы COVID-19 пандемиясынын шартында миграциялык процесстердин глобалдык чакырыктары: көйгөйлөр жана перспективалар" аттуу эл аралык конференцияга катышты. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Конференцияга миграция бөлүмдөрүнүн башчылары, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин соода-өнөр жай палаталарынын жетекчилери, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Алар миграция процесстери боюнча коронавирус пандемиясынын шартында учурдагы кыйынчылыктарды, аларды чечүү жолдорун жана бул багыттагы мындан аркы кадамдарды талкуулашты.