Кыргызстан XI Евразиялык экономикалык жаштардын форумуна катышты

21 апреля 2021, 17:55

Кыргызстандын өкүлдөрү Екатеринбург шаарында өткөн "Россия жана дүйнөнүн региондору: идеялардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн экономикасынын ишке ашуусу" аттуу XI Евразиялык экономикалык жаштардын форумуна катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

 

Кыргызстандын делегациясы форумдун пленардык жыйынына, “Жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү” эл аралык дипломатиялык форумуна, ошондой эле Россия Федерациясынын жана чет мамлекеттердин ЖОЖдорунун ректорлорунун “Россия жана Дүйнөлүк Университеттер: глобалдык билим берүү мүмкүнчүлүктөрү" аттуу иш-чарага катышты жана сөз сүйлөдү.

"М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университети менен Урал Мамлекеттик Экономикалык Университетинин ортосундагы кызматташуу, бакалавриат жана магистратура программаларын даярдоо боюнча келишимдерге расмий кол коюлду", - деп билдирди министрлик.