Кыргызстан Экономикалык кызматташтык уюмунун жыйынына катышты

2 октября 2022, 09:00

Стамбулда Экономикалык кызматташтык уюмунун Соода жана өнүктүрүү банкынын директорлор кеңешинин кезектеги 95 жана 96-жыйындары аяктады. Бул жыйынга Кыргызстандын атынан Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов катышты.

Жыйында банктын 2021-жылдагы ишинин жыйынтыгы бекитилип, катышуучулар Экономикалык кызматташтык уюмунун аймагындагы келечектүү долбоорлорду кредиттөө маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, жыйындын алкагында мүчө мамлекеттер үчүн өлкөнүн өнөктөштүк стратегиялары жана банк ишмердүүлүгүнүн башка маселелери бекитилди.

“Соода жана өнүктүрүү банкы биргелешкен долбоорлор аркылуу жеке жана мамлекеттик секторлор тарабынан инвестиция тартууга, кызматташууга, өнүктүрүүгө, мүчө мамлекеттерде жумуш орундарын түзүүгө түрткү берүүгө жана көмөктөшүүгө багытталган”, - деп билдирди Экономика министрлигинин басма сөз кызматы.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан менен бирге Соода жана өнүктүрүү банкына Түркия, Иран, Пакистан, Ооганстан жана Азербайжан мүчө.