Кыргызстан Австриядан виза берүүнү Евробиримдиктин Бишкектеги элчиликтеринин бирине тапшырууну суранды

8 сентября 2021, 17:15

Австрия Евробиримдиктин Бишкекте аккредитацияланган элчиликтеринин бирине Шенген визасын берүү боюнча маселени карайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун Австриянын Федералдык Кеңешинин президенти Петер Раггл менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду.

Мындан тышкары, спикер Австрия тарапты "Европа Биримдиги - Борбор Азия" биринчи экономикалык форумуна катышууга чакырды.

Тараптар туризм жана калыбына келүүчү энергия булактары боюнча өз ара кызматташуу маселесин да талкуулашты. Рагглдин айтымында, 2030-жылы Австрия толугу менен жашыл энергияга өтөт.