ЕАӨБ насыя портфелинин көлөмүн жогорулатат

29 января 2021, 10:20

Евразия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга салым кылынуучу насыя портфелинин көлөмүн жогорулатуу керек. Бул тууралуу эл аралык банктын жетекчиси Николай Подгузов менен премьер-министрдин м.а. Артем Новиков менен болгон жолугушууда маалым болду. 

Новиковдун айтымында, ЕАӨБ бир гана финансы сектору менен чектелбей насыя линиясын кеңейте алат. 

«Бүгүнкү күндө финансылык институттун портфели болжол менен 70 млн АКШ долларын түзөт жана көбүнэсе финансылык сектордогу долбоорлорго басым жасалган. Биз Евразия экономикалык бирлигинин аймагындагы интеграциялык долбоорлорду ишке ашырууну тереңдетүүгө умтулуубуз керек», - деди Артем Новиков. 

Тараптар финансы институту тарабынан Кыргызстандын аймагында ишке ашырылып жаткан инвестициялык жана гранттык долбоорлор алкагындагы эки тараптуу кызматташтыкка жогору баа берди, ошондой эле орто мөөнөттүү жана мындан аркы өнөктөш мамилелерди өнүктүрүү боюнча пландарды талкуулашты.