Кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду жөнүндө келишим ратификацияланды

8 сентября 2021, 13:15

Президент Садыр Жапаров " Кыргыз-венгрия өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамга кол койду.

Фонд Кыргызстандын экономикасынын алгылыктуу тармактарында өзүн өзү актаган долбоорлорду займ берүү, капиталына катышуу жана өлкө аймагында катталып, өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн чарба субъектилерине карата башка финансылык инструменттерди колдонуу аркылуу каржылашы күтүлүүдө.

Фонд эл аралык уюм болуп, анын уставдык капиталы 16 миллион АКШ долларын түзөт жана Венгрия бул уставдык капиталды 50 миллион долларга чейин көбөйтүү ниетинде. Уставдык капиталдын үлүштөрү Венгрия тарабынан камсыздалат.