Кыргызстан менен Россия энергетика тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

24 февраля 2021, 17:45

Бүгүн, 24-февралда президент Садыр Жапаровдун Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында, Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев Россиянын энергетика министри Николай Шульгинов менен жолукту.  Бул тууралуу КРнын РФдагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар энергетика тармагындагы, анын ичинде Кыргызстандагы гидроэнергетикалык объектилердеги кыргыз-россия кызматташтыгынын учурдагы абалын, ошондой эле эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүнүн жана өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин илгерилетүү боюнча тыгыз байланыштарды улантууга өз ара кызыктарлыгын билдиришти.