Кыргызстанда минералдык жер семирткичтерди чыгарган завод курулат

26 мая 2023, 10:47

Минералдык жер семирткичтерди чыгаруучу заводдун курулушун толугу менен кытай тарап инвестициялайт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Кыргызстан минералдык жер семирткичтерди сырттан алып келерин эске алганда, керектүү бөлүгү өлкөдө калып, калганы экспортко чыгарылат. Завод 30 жыл иштегенден кийин Кыргызстанга берилет.

Биринчи жер семирткичтер 2025-жылы чыгарылат деп күтүлүүдө.

Мындай келишимге президент Садыр Жапаровдун 18-майда Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген.