Энергетика тармагына инвестиция 70%дан ашык кыскартылды

8 декабря 2022, 09:59

Кыргызстан 2017-жылдан бери энергетика тармагындагы негизги капиталга инвестицияны 71,22%га кыскартты. Муну Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматы тастыктайт.

Маалыматка ылайык, 2017-жылы бул тармактагы инвестиция 358 миллион долларды түзсө, 2021-жылы 103 миллион долларды түзгөн. 

Белгилей кетсек, мындай тенденция Армениядан башка Евразиялык экономикалык биримдиктин бардык өлкөлөрүндө байкалууда.

Акыркы 5 жылда Армения энергетика тармагындагы негизги капиталга инвестициянын көлөмүн 125,5%га, 291 миллион долларга чейин көбөйттү.