Кыргызстандан сырткары 45 шайлоо участкалары ачылган

2 октября 2020, 13:20

Кыргызстандын аймагынан сырткары 45 шайлоо участкалары түзүлүп, комиссиялардын курамдары бекитилген. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады. 

Министрлик тарабынан алты жаңы чет өлкөдөн шайлоо участкалары ачылган. Анын ичинен экөө Франция жана Италияда, төртөө Россиянын Якутск, Иркутск, Түштүк-Сахалин жана Сургутта ачылган. 

Андан сырткары, КР Москвадагы элчилигинин аймагында кошумча шайлоо комиссиясынын участкасы ачылган. Бул санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаруу максатында уюштурулган.

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө КР аймагынан сырткары, шайлоочулардын саны 32.6 миң жаранды түзгөн.