Кыргызстанда тигүүчү компаниялардын потенциалы өсүүдө

8 декабря 2020, 17:15

Онлайн-форматта GTEX программанын алкагында эки вебинар болуп өттү. Бул программа Египетте, Мароккодо, Тунисде, Кыргызстанда жана Тажикстанда иш алып барат. Бул тууралуу Эл аралык соода борборунун басма сөз кызматы билдирди. 

Эки вебинарды тең текстиль жана тигүү өнөр жайындагы алдыңкы стратег Дэвид Бирнбаум мырза өткөрдү. Ал тигүүчүлүк тармагында абдан көп убакыттар бою иштеген, көптөгөн тигүүчү фабрикаларды жетектеген жана Азия, Мексикадан 10 фабрика ачкан. Андан сырткары, ал Технологиялык мода институтунда сабак берет. 

Кошумчалай кетсек, вебинарга соода тармагындагы 4 өкүл жана Кыргызстандагы тигүүчү компаниялардан 13 өкүл катышкан.