Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 22.1% төмөндөгөн

13 октября 2020, 17:20

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында 3.5 млрд долларга жакындаган. 2019-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 22.1% төмөндөгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди. 

 

Экспорт 3.5% жогорулап импорт тескерисинче, 31.6% төмөндөгөн. ЕАЭБ өлкөлөрү менен биргеликтеги соода жүгүртүүдө экспорттун көлөмү 22%, импорт 18.6% төмөндөгөн. 

Кыргызстандын ЕАЭБ менен бирге соода жүгүртүүсү 2020-жылдын январь-август айларында 1.5 млрд долларга жакын түзгөн. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу төмөндөө 19.4% түзгөн», — деп билдиришкен ведомстводон. 

 

Тышкы соода жүгүртүүнүн 65.7% менен КР Россия менен, 32.3% Казакстан менен жүгүрткөн.