Кыргызстандын үчүнчү өлкөлөр менен болгон соодасы 23.9% төмөндөгөн

10 ноября 2020, 15:00

Кыргызстандын Евразия экономикалык бирикмеден сырткары, үчүнчү өлкөлөр менен болгон тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү үстүбүздөгү жылдын сегиз айында 2 млрд 37.6 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти. 

Анын ичинен экспорттун көлөмү 935.5 млн долларды, импорт — 1 млрд 102.1 млн долларды түзгөн.

Белгилей кетүүчү нерсе, 2019-жылдын ушул эле мезгилинде Кыргызстан экспорттун көлөмүн 16.9% көп аткарган, ушул эле уурда импорт 41.2% төмөндөгөн. 

Кошумчалай кетсек, ЕАЭБдин үчүнчү өлкөлөр менен болгон тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү бул убакыт аралыгында 389.5 млрд долларды түгөн. Бул учурда товарлардын экспорту – 228.6 млрд долларды, импорт – 160.9 долларды түзгөн. 2019-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу соода жүгүртүү 18.1% же 85.9 млрд долларга төмөндөгөн.