Кыргызстан ушул жуманын аягында Орусияга балык жеткирүүнү жандантат

13 апреля 2023, 14:53

Кыргызстандын Ветеринардык кызматы менен Россельхознадзор Орусияга балык жеткирүүнү жандандыруу боюнча макулдашууга жетишти. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Эске салсак, февраль айында Россельхознадзор кыргызстандын балыктарын орусиялык алуучуларга экспорттоого тыюу салган.

"Кыргызстандын балык тармагы активдүү өнүгүп жаткан тармактардын бири. 2022-жылы экспорт эки эсеге өстү. Бирок экспортерлордун арасында антибиотикти көп өлчөмдө колдонуп балыктарды реэкспорттоо менен алектенгендер бар. Ак ниетсиз экспортерлордун айынан бүт өнөр жай жапа чегип жатат. Биздин ветеринардык кызматтын жетекчиси Орусияда иш сапарда жүрөт. Анын ишинин жыйынтыгында ушул жуманын аягында жеткирүүлөрдү калыбына келтирүү боюнча келишим түзүлдү. Бирок бардык чарбалар эмес, талапка жооп бергендердики гана экспорттолот", - деди Аскарбек Жаныбеков.