Кыргызстан быйыл чет элдик кредиторлорго аз пайыз төлөдү
Ушул жылдын алты айында Кыргызстандын чет мамлекеттерден алынган кредиттер жана займдар боюнча пайыздарды төлөөгө кеткен чыгашасы кыскарды. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Алсак, 2021-жылдын январь-июнь айларында бул максаттарга мамлекеттик бюджеттен 2 миллиард 702,2 миллион сом бөлүнгөн болсо, быйылкы жылы 2 миллиард 498,2 миллион сом каралган. Ошентип, сумма 204 миллион сомго, же 7,55%га кыскарган.
Кошумчаласак, буга чейин “Акчабар” агенттиги мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча пайыздарды төлөөгө Кыргызстан алты ай ичинде мамлекеттик бюджеттен 2 миллиард 821,6 миллион сом бөлгөнүн жазган.