Министрлер кабинети 450 млн сомго электромобилдерди сатып алат

6 декабря 2022, 10:30

Министрлер кабинети 450 миллион сомго электромобилдерди сатып алууну пландоодо. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.

Анын айтымында, декабрь айынын аягына чейин 45 миллион сомдук электромобилдер сатылып алынса, 2023-жылы 405 миллион сомго сатып алуу пландалууда. 

"Бул электр унаалар кимдер үчүн арналган, бул чыгымдарды 2023-жылга жылдырса болобу?" — деп сурады эл өкүлү. 

Каржы министи Алмаз Бакетаев айрым документтерге чындыгында кол коюлганын билдирди. 

Ошол эле учурда, Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев бардык министрликтер электр менен жүрүүчү унаалар менен камсыз болорун билдирди.