Ипотеканын жеткиликтүүлүгүнүн рейтингинде Кыргызстан 109дан 98-орунду ээледи
Ипотеканын дүйнөлүк жеткиликтүүлүгүнүн рейтингинде Кыргызстан 109дан 98-орунду ээледи. Бул тууралуу өлкөлөр боюнча мүлк бааларынын индексинде келтирилген.
КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Орусия (65-орун), Молдова (73-орун), Казакстан (74-орун) күчтүү позицияларга ээ. Төмөнкү орундарды Азербайжан (82-орун) жана Беларуссия (96-орун) ээлейт.
Сауд Аравиясында, Пуэрто-Рикодо жана АКШда ипотека эң арзан экени маалым болду.