Кыргызстан үчүнчү өлкөлөргө 60 млн долларга товар экспорттогон

22 марта 2021, 13:50

2021-жылдын январь айында Кыргызстан үчүнчү өлкөлөргө 60 млн долларга товар экспорттогон. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиянын документтеринде айтылат. 

 

Белгилей кетсек, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң төмөн көрсөткүч Кыргызстанда катталган. Өз кезегинде 2021-жылдын биринчи айында Россия 23.9 млрд долларга товар экспорттогон. 

Арменияда экспорттун көлөмү 111.8 млн долларды, Казакстанда - 2.8 млрд долларды, Белорусияда - 1.3 млрд долларды түздү.