Креативдүү тармак бардык салыктардан бошотулушу мүмкүн

30 июня 2022, 10:06

Бийлик Кыргызстанда креативдүү тармактардын паркын түзүү менен чыгармачыл адамдарды бардык салыктардан бошоткусу келет. Мыйзам долбоору биринчи окууда Жогорку Кеңештин кароосуна чыгарылды.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекованын айтымында, мындай мыйзам Борбор Азия боюнча биринчи жолу киргизилүүдө.

Министрдин орун басарынын сөзүнө караганда, мыйзам чыгармачыл ишкердикке, пейзаж дизайнерлерине, интерьер дизайнерлерине, медиа искусство кызматкерлерине жана ютуберлерге багытталган.

“Биз бул кесиптерди экономиканын субъектилерине айланышын каалайбыз. Алар бардык салыктардан бошотулат, ал эми азыр патент колдонушу керек”, - деди ал.