Кредит алуу шарттары жөнөкөйлөштүрүлөт

6 августа 2020, 10:02

Кредиттик каражаттарды алууга тийиштүү шарттар жөнөкөйлөштүрүлөт. Бул туурасында кечээ, 5-августа Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

«Иштеп жаткан банктардын бирин экспорттук-импорттук банкка айландыруу – көптөн бери күн тартибинде турган маселе. Бүгүнкү күндө бул маселенин актуалдуулугу жогорулады. Мындан тышкары, кредит алууга тийиштүү шарттар жөнөкөйлөштүрүлөт. Тобокелдиктерди эске алуу менен максималлдуу түрдө элге жана ишкерлерге кредит алуунун шарттарын жөнөкөйлөтүшүбүз керек», - деп белгиледи Боронов.