Кыргызстандыктардын банк алдындагы милдеттенмеси 5.8 млрд сомго өскөн

30 ноября 2020, 12:30

Үстүбүздөгү жылдын үчүнчү кварталында кыргызстандыктардын жалпы насыясынын көлөмү 158 млрд 692.7 миң сомду түзгөн. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.  

Карызкорлордун басымдуу бөлүгү, Бишкек шаарында жайгашкан. Алардын банк алдындагы милдеттенмесинин жалпы көлөмү 87 млрд 719.1 миң сомду түзөт. 

Муну менен катар, бардык региондордо үстүбүздөгү жылдын башынан бери банк алдындагы карыздын көлөмү өсүүдө. 

Эске сала кетсек, буга чейин финансы министри Кыялбек Мукашев билдиргендей, ведомство 1-октябрга чейин алынган жарандардын насыясын төлөөгө жардам берет.