Казакстан банктарынын насыя портфели 35,4 млрд доллардан ашты

10 июня 2021, 10:50

Биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча Казакстандагы коммерциялык банктардын насыя портфели 2,1% га өсүп, 35,4 миллиард доллардан ашты, деп жазды Halyk Finance.

Насыялардын жарымынан көбү жеке адамдардын үлүшүнө туура келген - 18,5 миллиард доллардан ашык, юридикалык жактарга берилген насыялар 1,3 пайызга көбөйүп, 16,6 миллиард долларды түзгөн.

Насыя портфелинин өсүшүнүн фонунда, ошондой эле мөөнөтү өтүп кеткен карыздары бар насыялардын үлүшү көбөйгөн.

Отчеттук мезгил ичинде банк секторунун активдери 77,4 миллиард доллардан ашты.