Комбанктардын насыя портфели 174,4 млрд сомго жетти

29 сентября 2021, 10:20

Комбанктардын кредиттик портфели августтун аягында 174,4 миллиард сомго жеткенин Улуттук банк билдирди.

Өткөн жылдын август айына салыштырмалуу насыялоонун көлөмү 17,1 миллиард сомго көбөйгөн.

Улуттук валютадагы кредиттер 122,8 млрд, чет өлкөлүк валютада - 51,6 млрд сомду түздү.