Кыргызстанда коммерциялык банктардын насыя портфели 162 млрд сомго чыкты

29 декабря 2020, 17:10

2020-жылдын декабрь айына карата коммерциялык банктардын насыя портфели 162 млрд сомго чейин жогорулады. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. 

 

 

Регулятордун маалыматына ылайык, 107 млрд сом улуттук валютада, дээрлик 55 млрд сомдон ашыгы - чет элдик валютада берилген. 

 

 

Бул жылы чет элдик валютада берилген насыянын пайыздык чени 0.3% кыскарган. Ал эми улуттук валютада берилген насыянын пайыздык чени 1.2% төмөндөгөн.