Фермерлер 150 миң сомго чейин күрөөсүз насыя алса болот

2 февраля 2024, 13:04

Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү министри Бакыт Төрөбаев “Айыл чарбасын каржылоо-12” программасы боюнча жылдык 12% менен жеңилдетилген насыяларды күрөөсүз алууга болорун айтты. Бирок күрөөсүз насыянын максималдуу суммасы 150 миң сомду түзөт.

Төрөбаевдин айтымында, программа боюнча насыянын максималдуу суммасы 500 миң сомду түзөт. Айыл чарба министрлиги дыйкандарды көбүрөөк камтууну көздөп жатат.

“Былтыркы жылы бул программанын алкагында 3,3 млрд сом бөлүнүп, 8 миң адам насыя алса, быйыл 7 млрд бөлүнүп, 15-20 миң дыйканга бөлүштүргүбүз келет”, - деди Төрөбаев.

Аталган программа боюнча насыялар жылдык 6% менен берилет.