Кризистик борборлорго акчалай жардам 7 млн сомго көбөйдү

1 декабря 2023, 13:20

Кыргызстанда зордук-зомбулуктан жабыркагандар үчүн кризистик борборлорго жардамдын көлөмү 7 млн сомго көбөйтүлдү. Бул тууралуу Эмгек министринин орун басары Жаңыл Алыбаева билдирди. 

Ал республикада 10 айда 10 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталса, анын ичинен 95%дан ашыгы аялдарга карата экенин белгиледи. 

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу зордук-зомбулуктун өсүшү 23,7%ды түздү.