Казакстанда ири сооданы накталайсыз жүргүзүү пландалууда

23 декабря 2019, 09:45

Казакстанда ири өлчөмдөгү сооданы накталайсыз жүргүзүү пландалууда. Бул тууралуу inbusiness.kz порталы маалымдайт. 

Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жоомарт Токаев,  көмүскө экономиканын үлүшү, кыймылсыз мүлк жана автоунаа рыногунда 43 млрд $ жеткенин билдирди. Буга байланыштуу,  Улуттук банк жана Өкмөткө ири транзакцияны накталайсыз жүргүзүү стартегиясын иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

«Тез арада барын иретке келтирип, Өкмөт жана Улуттук банк  накталайсыз төлөм жолдорун ишке ашыруучу мыйзам долбоорун иштеп чыгуусу керек», — деп билдирди Касым-Жоомарт Токаев.