Мейманкана бизнесине инвестиция салгандарга жеңилдиктер берилет

22 февраля 2023, 10:58

Кыргызстанда мейманкана бизнесине инвестиция салууга даяр ири инвесторлор бажы төлөмдөрүнөн жеңилдиктерге ээ болуп, 3-5 жылга салыктан бошотулат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев “Facebook” баракчасына жазды.

Анын айтымында, чет өлкөдөн курулуш материалдарын ташып келүүдө бажы жеңилдиктери болот.

Ошондой эле, президенттин басма сөз катчысы инвесторлор үчүн өлкөдөгү стабилдүүлүк шарт экенин, мурдагы президенттердин баарын чогултуп, макулдукка чакырган президенттин демилгеси эмитен эле жемишин бере баштаганын кошумчалады. 

“Жакында эле инвесторлор Бишкекке беш жылдыздуу чоң мейманкана куруу ниети менен келишти. Быйыл март айында курулушту баштоо пландалууда. Мамлекет башчы курулушка капсула салат”, - деп жазган Султанбаев.