Банктар, мамлекеттик мекемелер, компаниялар Баткендин пайдасына каражат которушат

20 сентября 2022, 10:55

Баткен окуясында жабыркагандарга колдоо көрсөтүү үчүн “Айыл банк”, “Кепилдик фонду” жана “Кыргызалтын” 1 миллион сомдон бөлүп жатканын билдиришти.

Өз кезегинде Финансы министрлиги, БШК, Бишкек шаардык кеңеши, Улуттук статистикалык комитет, Жогорку сот, Финансылык көзөмөл органы сыяктуу бир катар мамлекеттик түзүмдөр “Кыргызиндустрия ", Инвестициялык агенттик, Кыргыз фондулук биржасы жана Мамлекеттик ипотекалык компания жардам катары бир күндүк эмгек акыларын которуп беришти.

"Компаньон Банкы" да жардам көрсөтүү тууралуу билдирди, бирок топтолгон каражаттардын көлөмүн көрсөткөн эмес.

Эске салсак, Каржы министрлигинин акыркы маалыматы боюнча Баткен элине жардам катары эсепке 70 млн сомдон ашык акча түштү.