Куба мамлекетине ЕАЭБдеги көзөмөлдөөчү-мамлекет статусу ыйгарылат

2 ноября 2020, 09:20

Евразия экономикалык комиссия Куба мамлекетине ЕАЭБ алкагында көзөмөлдөөчү-мамлекет статусун берүү чечимин колдоду. Бул тууралуу ЕЭКтин басма сөз кызматы билдирди. 

ЕЭКтен белгилеп кетишкендей, Куба өлкөсүнө тиешелүү статус ыйгарылган соң, бирикмедеги жетекчилер менен техникалык суроолорду чечүү жана мындан аркы кызматташуу боюнча жыйын өткөрүү пландалууда. 

Белгилей кетсек, 24-сентябрда ЕЭК официалдуу визит менен Куба республикасына барган.