Кубанычбек Бөкөнтаев Улуттук банктын жаңы төрагасы болду
Жогорку Кеңештин депутаттары Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлигин жактырышты.
Парламент жыйынында 81 депутаттын 76сы Бөкөнтаев үчүн добуш берди. Добуш берүү жашыруун өттү.
2014-жылдан бери Улуттук банкты Толкунбек Абдыгулов жетектеп келген. Бүгүн ал президент Садыр Жапаров ага Эл аралык валюта фондундагы Кыргызстандын өкүлү кызматын сунуштаганын айтты.