Кубанычбек Көлбаев «РСК Банктын» директорлор кеңешинин курамына кирди

11 апреля 2023, 12:16

"РСК Банк" ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү Мирбек Касымовдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Банктын акционерлеринин чечими менен Кубанычбек Көлбаев директорлор кеңешинин жаңы мүчөсү болду.

Белгилеп кетсек, ал төрт жылдык мөөнөткө шайланды.